Бишкек шаарында 20 жашка чейинки балбандар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугу (U-20) уланууда. Үчүнчү күнү килемге кыздар чыгып, 10 салмак категориясында байгелүү орундар үчүн күч сынашат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар:
50 килограмм - Дилназ Абдыкадырова;
53 килограмм - Азиза Келдибекова;
55 килограмм - Азиза Шумкарова;
57 килограмм - Акылай Сатыбаева;
59 килограмм - Айдай Нуридинова;
62 килограмм - Манзура Жусуева;
65 килограмм - Асел Жапарова;
68 килограмм - Гүлнур Таштанбекова;
72 килограмм - Кайыркүл Шаршебаева;
76 килограмм - Айжаркын Жаныбекова.
Кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу – Капарбек уулу Билимбек.
Эске салсак, 5-13-июль аралыгында Бишкек шаарында 20 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө.