Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, бул турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине тиешелүү.

Суу берүү убактылуу токтотулуучу райондор төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Фрунзе көчөсү – Жибек Жолу проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Ибраимов көчөсү;

  • Фрунзе көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Ибраимов көчөсү.

Өчүрүү себеби диаметри 400 милиметр болгон Киров суу скважинасындагы аварияны жоюу иштери менен байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан