АКШда 8 эмдин энеси Надя Сулеманга жөлөк пул алууда кирешесин толугу менен көрсөтпөгөнү үчүн “алдамчылык” беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу 14-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал 14 баланын энеси болгондуктан, абакка алынган эмес. Бирок 17-январь күнү сотко келиши керек. Прокуратура 25 миң долларды күрөөгө алуу менен эркиндикте калтырышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. 38 жаштагы Сулеман социалдык жардам алууда мамкызматка 30 миң доллар кирешеси тууралуу айткан эмес.
Бийлик өкүлдөрүнө анын видеолорго тартылып акча алганы белгилүү болгон. Ал эми ММКлар Надя Сулемандын порнотасмаларга тартылып, телешоулорго катышып келгенин жазып чыгышкан.
Эгер ага тагылган айып далилденсе, 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Көп балалуу эне катары белгилүү болгон Надя (өз аты Натали Дэниз Сулеман) балдарын жасалма уруктандыруу жолу менен төрөгөн. Балдардын атасы белгисиз. 2009-жылы 8 эмди жарыкка алып келген.