Японияда чоң энелерди "ижарага берген" OK Obaachan аттуу сервис ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул сервис аркылуу бир нече саатка чоң энени ижарага алууга болот. Уюштуруучулар бул сервис популярдуулукка ээ болот деп эсептешет. Себеби көптөгөн япон жарандарына үй шартында лапша жасап берген, көйгөйлөрдү уккан, кеңеш берген жана бала карап турган чоң эне жетишпейт.
South China Morning Post басылмасы билдиргендей, чоң эненин кызматтарынын баасы саатына 3000 йенден (1600 сомдон) башталат. Мындан тышкары, кардарлар карыган аялдардын транспорт чыгымдарын жабуу үчүн 3000 йен төлөшү керек.
Уюштуруучулар мындай сервис аркылуу көптөгөн пенсияга чыккан япон аялдары кошумча киреше таба турганын айтышууда. Учурда долбоордо ашпозчулук, тарых, балдарга кам көрүү, кат жазуу боюнча билими бар 60тан 94 жашка чейинки 100дөн ашык аял бар.