Бишкекте белгилүү кафелердин ордуна салынып жаткан аренанын курулушу кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп жаткан, 5000ден ашык көрүүчүгө ылайыкташкан, жертөлөсү бар кичи аренанын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, объект Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы белгилүү тамактануучу жайлардын ордуна салынып жатат.
"Бул — шаардагы эң көп талап кылынган объектилердин бири болот. Иштер жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен аткарылышы керек. Өзгөчө сапатка жана коопсуздукка көңүл буруңуздар", — деп белгиледи шаар башчысы текшерүү учурунда.
Имарат үч кабаттуу болуп, кошумча жертөлөсү бар. Анын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан