Шыкмаматов Балыкчыдагы текшерүү боюнча маалыматты жеткиргендерди жазалады (видео)

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейддик текшерүү жүргүзүштү.

Анын максаты акциздик маркалардын жана күйүүчү майды маркалоо системасын көзөмөлдөө болуп саналат.

Шыкмаматов салык мыйзамдарын, айрыкча акциздик маркалардын жана күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо боюнча талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул чаралар салыктык түшүүлөрдү гана камсыздабастан, сатыкка чыгарылган товарлардын сапатына кепилдик берип, керектөөчүлөрдү жасалма жана контрафакттык продукциялардан коргойт.
Бул аралыкта Шыкмаматов Балыкчы шаарынын салык кызматынын башчысы жана анын орун басарына катуу сөгүш жарыялады. Анткени сатуучулардын баарына алдын ала текшерүүчүлөр боюнча маалымат жеткен. Андыктан бул маалымат үчүн жетекчилер жооп бериши керектиги айтылды.

Шыкмаматовдун текшерүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан