Оштун мэри нөшөрлүү жаанда шаарды каптаган суунун себебин айтты (видео)

Ош шаарында нөшөрлүү жаандан кийин борбордук көчөлөрдү суу каптап, бир нече короолорго, жер төлөлөргө кирип кеткен. Бүгүн, 13-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев каналдардын корук аймагын бошотуу боюнча жеринде тапшырма берип жүрүп, суу ташкынынын себебин атады.

Анын айтымында, каналдардын айланасына, үстүнө салынган курулуштар суунун өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, барган сайын канал ичкерип барат. Борбордук көчөлөрдө нөшөрлүү жаандан чогулган суулар курулуштардан өтө албай жайылып кеткен.

Мындан тышкары рейд учурунда каналды бойлото салынган короолордо кой баккандар, ажатканасынын түтүгүн каналга чыгарып койгондор да аныкталды.

Мэр шаардагы селдин себебин атады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан