АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британияга 17-сентябрда расмий сапар менен барат. Бул тууралуу "Financial Times" басылмасы Букингем сарайына шилтеме берип жазды.
Маалым болгондой, АКШ президентин жана анын жубайы Меланьяны Улуу Британиянын Королу Карл III жана ханыша Камилла Беркшир аймагындагы Виндзор сарайында тосуп алышат.
"Трамптын Британияга экинчи жолу сапары 17-19-сентябрь күндөрүнө белгиленген",- деп жазат басылма Букингем сарайындагы булактарына таянып.
Сапардын алкагында Трамп Британиянын премьер-министр Кейр Стармер менен да жолугушууну көздөөдө.
Белгиленгендей, эки президенттик мөөнөтүнүн ичинде Трамп Улуу Британияга расмий сапар менен бир жолу - 2019-жылы барып, аны ханыша Елизавета II кабыл алган.