
Өлкө аймагында соңку суткада 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 35 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда ӨКМ билдирди.
Анда айтылгандай, Бишкек шаарында 9, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.