Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бүгүнкү күндө Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки тилкеде асфальт жана траншеяларды демонтаждоо иштери аяктады. Учурда эскилерин демонтаждоо жана жаңы арык, түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.
Мэр "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасына иштин темпин күчөтүүнү жана кошумча эмгек ресурстарын тартууну тапшырды. Өз кезегинде райондордун акимдерине жылуулук тармагын реконструкциялоону күн сайын көзөмөлгө алуу милдети коюлду.