
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 14-июлда кабарлады.
Билдирүүгө таянсак, ушул жылдын 1-майынан тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын (анын ичинде кенже медайымдардын, тартип сакчыларынын, "Тез жардам" кызматынын айдоочуларынын жана медициналык мекемелердин ишин камсыз кылуучу башка кызматкерлердин) эмгек акысы 20 пайызга жогорулатылды.
Буга чейин кенже медайым 13 240 сом айлык алса, эми ал сумма 15 606 сомду түздү. Ал эми "Тез жардам" унаасынын айдоочусу буга чейин 21 597,2 сом алса, эми 26 499,2 сом алат.
Буга республикалык бюджеттен 500,9 миллион сом каралып, 16 миң 286 кенже жана техникалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт.