Балыкчынын жаңы мэри Каныбек Туманбаевдин шакирти экени айтылды

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Балыкчы шаарына мэр болгон Баатырбек Жантаев президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти экенин билдирди.

"Балыкчы шаарына Баатырбек Жантаев мэр болуп барды. Мен аны көп жылдан бери чарба иштеринде бышкан, мыкты менеджер катары тааныйм.

Буга чейинки мэрдин кыска убакытта кызматтан алынышынан кийин, жаңы келген мэр элдин көңүлүн көбүрөөк бурат болуш керек. Адаттагыдай иликтеп, ар кандай маалыматтарды жазып, кимдир бирөөгө жабыштырып манипуляция кылгандар дагы чыкпай койбойт. Ошондуктан мен алдын-ала эле айтып коёюн. Баатырбек Жантаев gрезиденттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти.

Уюштуруу жана чарба иштеринде өзү тарбиялап бышырган. Иш башкаруучу азыр кандай ыкчам иштеп жатса, Жантаев дагы андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чагы. Аймактык саясатка дагы ылайык келет. Баатыр Жантаев Өзгөн районунан болот",- деп жазды Орунбеков Facebook баракчасына.

Айта кетсек, бүгүн, 14-июлда Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалап келген Султан Кермалиев жумуш ордунан бошотулуп, Баатырбек Жантаев мэрликке дайындалды.

Керималиев кызматтан кетер алдында Instagram баракчасы аркылуу мэрликтен алынышы мүмкүн экенин билдиген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан