Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Көк-Жаңгак шаарында үйү өрттөнүп кеткендерге турак жайлар салынып берилди. Жергиликтүү телеканалдардын бири жеринен тартылган видеону жарыялады.
Эки үйдүн ачкычын үй-бүлөлөргө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, курулуш өлкө башчы менен атайын кызматтын жетекчиси тарабынан каржыланганын билдирди.
"Эки дос" каржылады. Ошол үчүн окшош болгон эгиздей үйлөрдү курдук. Атын "эки достон" белек болсун деп "эки дос" коюп койдук",- деди ал.