Испаниянын Ахондроплазиясы жана башка сөөк дисплазиялары менен ооруган адамдардын ассоциациясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Барселонанын" футболчусу Ламин Ямалды 18 жашын белгилөө үчүн эргежээл адамдарды жалдаган деп айыптады.
"Биздин уюм эргежээл адамдарды кечеге көңүл ачуу катары чакырууну айыптайт. Биз мыйзамдуу чараларды көрөбүз",- деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, кечээ, 13-июлда Ямал 18 жашка толду. Анын туулган күнүн белгилөө кечесине атактуулар, музыканттар жана футболчулар келишти.