Каныбек Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри Жантаев тууралуу айтты

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарына жаңы дайындалган мэр Баатырбек Жантаевди эмгек жамаатка тааныштырды.

Ал жерде Туманбаев жаңы кызматка дайындалган мэр Жантаев анын бөлөсү болорун билдирип, мыйзамсыз иштесе жоопко тартыларын белгиледи.

"Мен ачыгын эле айтайын, биздин мамлекетте мурдагыдай жашыра турган эч нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Урматтуу президентибиз тапшырма коюп, кызматка дайындады. Биз ал чечимди эч качан талкуулабайбыз",- деп билдирди Туманбаев.

Анын айтымында, тууганчылык же тааныштык эмес, негизги критерий - иштөө жөндөмдүүлүгү жана эл үчүн кызмат кылуу.

"Мына өзү турат, Балыкчы элине, шаар үчүн буюрса таза иштеп берет. Эгерде туура эмес иштесе, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Эч кандай тууган же тааныш деген болбойт. Мен жеке өзүм көзөмөлгө алам",- деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев жаңы мэрдин ишмердүүлүгү түз көзөмөлдө болорун жана жыл аягына чейин шаардын жүзү өзгөрөрүн билдирди:

"Жылдын этегине чейин Балыкчыны башкача кылып өзгөртөбүз",- деп кошумчалады ал.

Айта кетсек, бүгүн, 14-июлда Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалап келген Султан Кермалиев жумуш ордунан бошотулуп, Баатырбек Жантаев мэрликке дайындалды.

Керималиев кызматтан кетер алдында Instagram баракчасы аркылуу мэрликтен алынышы мүмкүн экенин билдиген болчу.

14.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан