Ратбек Жуманазаров дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү болду

Кыргыз спортчусу Ратбек Жуманазаров Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 12-13-июль күндөрү болгон. Анда Жуманазаров 81 килограмм салмак ченинде катышып, Индонезия, Түштүк Корея жана Австралиядан келген атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште ал Улуу Британиянын өкүлү Рори Тайррелл менен кез келип, жеңишти камсыздап, алтын байгени утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан