Орусия жакынкы 60 күндүн ичинде Украинадагы аскердик чабуулдарын күчөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Axios басылмасы жазып чыкты.
Басылма мындай маалыматты Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамптын акыркы сүйлөшүүсүнө таянып жазган. Анда Путин Трампка алдыдагы 60 күн ичинде Орусия өзүнүн күчтүү позициясы бар украин аймактарында административдик чек араларга чейин оккупация жүргүзүүгө аракет кыларын билдирген.
Ошондой эле Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүсүн Франциянын президенти Эммануэль Макронго айтып берген.
Басылма дал ушул маектен кийин АКШ президенти Путинди катуу сындап баштаганын жана Украинага жаңы курал-жарактарды берүү чечимин кабыл алганын айтууда. Бул курал-жарактар тууралуу расмий маалымат бүгүн жарыяланышы мүмкүн.