Сириянын Сувейда шаарында бедуин уруулары менен жергиликтүү куралчан топтордун ортосунда куралдуу кагылышууларда 100дөн ашык адам жаракат алды. Шаарга жөнөтүлгөн коопсуздук күчтөрү да жоготууларга учурап, алты адам каза болду.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул друздар басымдуулук кылган Сувейда провинциясында катталган биринчи дин аралык кагылышуу. Друздар – Ливанда, Иорданияда жана Израилде да жашаган диний секта. Сирияда жарандык согушка чейин болжол менен 700 миңдей друз жашап келген, алардын басымдуу бөлүгү Сувейда провинциясында жайгашкан.
Күбөлөрдүн айтымында, кагылышуулар Дамаскты Сувейда менен туташтырган жолдо, друз соодагери уурдалгандан кийин башталган. Куралчан бедуиндер Сувейданын батыш жана түндүк четиндеги друз айылдарына кол салган. Кагылышуулардан улам Дамаск–Сувейда шоссеси жабылды.
Сириянын Ички иштер министрлиги жаңжалды жөнгө салуу үчүн Сувейдада операция башталарын билдирип, друздарды коопсуздук күчтөрү менен кызматташууга чакырды.