Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйынга тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы долбоордун жүрүшү жана ишке ашыруунун алгачкы баскычтары боюнча жооптуу адамдардын кеңири отчётторун укту. Атап айтканда, энергетика министри курортту энергия менен жабдуу схемалары тууралуу, ал эми курулуш жана транспорт министрлери райондо инженердик тармактарды жана унаа жол каттамдарын куруу пландары жөнүндө айтып беришти.
Биринчи асма жолду 2026-жылдын жай айына бүтүрүү пландаштырылган.
Жыйындын жүрүшүндө 15-июлдан 18-июлга чейин 49 лотту сатуу боюнча аукцион өткөрүлөрү белгилүү болду. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор чакырылган.
Жер тилкелери 3-5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттеждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплекстерин жана башка туристтик жана коммерциялык объекттерди курууга арналган. Долбоорго катышуу инвесторлорго Борбор Азиядагы эл аралык стандарттарга багытталган ири туристтик кластерлердин биринин бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын соңунда Жапаров бардык этаптарда ишти өз убагында жана толук каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жооптуу органдарга курулуш процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын камсыздоо максатында долбоорду ишке ашырууда өзгөчө даярдык көрүү жана инфраструктуралык иш-чараларда кечиктирүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.