Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстегляль» клубунан Фергананын «Нефтчи» клубуна өтөт. Бул тууралуу журналист Жалолиддин Кобилжонов билдирди.
Анын айтымында, «Нефтчи» клубу Кожону сезон аягына чейин ижарага алат.
Буга чейин Кожо «Насаф» клубуна өтүшү мүмкүн экени айтылган.
Эскерте кетсек, Кожо быйыл жыл башында Самарканддын «Динамосунан» «Эстеглялга» өткөн. Ирандык клуб аны мурдараак сатып алууну каалаган, бирок Өзбекстанда трансфердик терезе жабылып калгандан кийин кадр тартыштыгына байланыштуу «Динамо» оюнчуну бошоткон эмес. Жарым жыл ичинде Кожо «Эстеглялдын» курамында бардык турнирлерде 17 оюн өткөрүп, 3 гол киргизген. Анын келишими 2028-жылдын жайына чейин түзүлгөн.
Жоэл Кожо — Ганадан чыккан футболчу. 2017-жылы Кыргызстанга көчүп келген. «Алай» жана «Дордой» клубдарында ойноп, чемпиондуктун мыкты бомбардири болгон. Кыргызстандык кызга үйлөнүп, жарандык алган. Кыргызстандын курама командасынын катарында 25 оюн өткөрүп, 9 гол киргизген.