Иран уранды байытууга тыюу салууну камтыган келишимге барбайт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
«Иранга бул мүмкүнчүлүктөр кымбатка турган», — деп жазды министр Х социалдык тармагында.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө аз сандагы мамлекеттер гана өз алдынча атомдук реакторлорду иштетүүгө жөндөмдүү, анткени бул үчүн күчтүү өндүрүштүк жана илимий-техникалык база керек. Иран бул жолдон өтүп, атомдук өнүгүүдөгү ийгиликтеринен баш тарткысы келбейт.
Буга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да уранды байытуудан баш тартуу өлкөнүн ядролук өнөр жайындагы бардык жетишкендиктерди жокко чыгарып, Иранды тышкы жеткирүүлөргө көз каранды абалга алып келерин айткан.
Ошол эле учурда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэмми Брюс болочоктогу кандай гана ядролук келишим болбосун, Иранга уранды байытууну улантууга мүмкүнчүлүк бербеши керек экенин белгилеген.
Эске салсак, июнь айында АКШ Ирандагы үч ядролук объектке так багытталган ракеталык соккуларды жасаган. Бул чабуулдардан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине тез арада макул болушу керек экенин, болбосо соккулар мындан да олуттуу болорун билдирген.