Өзбекстанда авто унаасынын ээси тирүү балыктарды декоративдик элемент катары колдонгон. Бул өзгөчө «тюнинг» үчүн унаа ээси айыпка жыгылганын Экология министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Социалдык тармактарда тараган видеодо жарандын унаанын капотуна тунук коргоочу пленка жабыштырып, анын ичине суу куюп, тирүү балыктарды салганын көрүүгө болот. Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылган. Көпчүлүк колдонуучулар муну жаныбарларга карата ырайымсыз мамиле катары сыпатташкан.
Видеонун авторлору бул «жарнамалык акциянын» жана «креативдүү тюнингдин» бир бөлүгү экенин айтышкан. Бирок Экология министрлиги менен Ички иштер министрлиги текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузган адамдын өздүгүн такташкан. Ал Ташкенттин И.Н. аттуу тургуну экени аныкталган.
Натыйжада ага карата Административдик жоопкерчилик кодексинин 111-беренеси (жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу) боюнча административдик протокол түзүлгөн. Унаа айдоочусуна 1 миллион 125 миң сум өлчөмүндө айып пул салынган.