Кытайда мурдагы жогорку даражалуу аткаминер Луо Юлин коррупциялык кылмыштары үчүн өлүм жазасына кесилгенин Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.
Дүйшөмбү күнү Шаньдун провинциясынын Циндао шаардык соту Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүлктөрдү көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комиссиясынын мурдагы кызматкери, вице-министрлик кызматты аркалаган Луо Юлиндин иши боюнча өкүм чыгарды.
"Соттолуучу пара алуу жана инсайдердик соода кылуу, өмүр бою саясий укуктарынан ажыратуу жана бардык мүлкүн конфискациялоо менен өлүм жазасына кесилди. Эки жылдан кийин өлүм жазасы мыйзамга ылайык өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылат, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк жок",- деп айтылат расмий билдирүүдө.
Сот чиновниктин мыйзамсыз жол менен тапкан мүлкүн жана кирешесинин бардыгын мамлекетке өткөрүп, ал жетишсиз болсо, кошумча өндүрүп алууну чечти.
Иштин материалдарына ылайык, Луо Юлин 1997-2023-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, ар кандай уюмдарга жана жеке адамдарга бизнести башкарууга жана бүтүмдөрдү түзүүгө көмөктөшүп, 220 миллион юань (болжол менен 30,69 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алып турган.