Орусиянын Домодедово шаарында 16 жаштагы өспүрүмдүн балка менен токойдо кол салуусунда жаракат алган 13 жана 16 жаштагы кыздар оор абалда ооруканада жатышат. Бул тууралуу Москва облусундагы балдардын укуктары боюнча комиссары Ксения Мишонова билдиргенин басылмалар жазышты.
Буга чейин 11-июлда Домодедово шаардык округуна караштуу жакын токойдо 16 жаштагы шектүү эки кыздын башына балка менен чаап жиберген, алардын бири качып кетүүгө үлгүрүп, болгон окуяны ата-энесине айтып, ооруканага "Тез жардам" чакырылган.
Шектүү кармалып, сурак учурунда кылмышты мойнуна алган. Адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
"Балка менен кол салгандан жапа чеккен кыздар дагы деле оор абалда ооруканада. Бир кыздын абалы өтө оор, ал жандандыруу бөлүмүндө",- деди Мишонова.