"Супер-Инфо" гезитибизге жарыяланган макалаларды сиздерге сунуштоону улантабыз. Бүгүнкү тема дагы сиздерге пайдалуу болот деген ишеничтебиз...
АЙЫМДАРДЫН ТӨШӨКСҮЗ ЖАШООСУ
Узакка созулган төшөксүз жашоо алгачкы күндөрдө айымдын сексуалдык каалоосун кескин күчөтүп жибергени менен, бир нече айдан кийин ал каалоо таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Кийин аял кайрадан жыныстык жашоого кайтканда жагымсыз сезим коштоп, жыныс кынынан суюктукту аз бөлүп чыгара баштайт. Дүүлүгүү да тез боло койбойт. Мындай учурда "уйкуга кирген" эрогендик чекиттерди "ойготуу" үчүн жарым сааттай убакыт сарп кылынат. Ошондой эле оргазм да бир нече айдан соң кайтып келиши мүмкүн.
СЕКСУАЛДЫК КАРМАНУУДА АЯЛДА:
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
АЛ ЭМИ ЭРКЕКТЕРДЕЧИ?
Эркектердин төшөксүз жашоосу эрекциянын бузулуп, бел суунун тез түшүп калуусуна алып келет. Уруктун сапатын начарлатат жана агрессивдүүлүктү жаратат. Анын таасири эркектердин жаш курагына жана төшөксүз жашоонун узактыгына жараша болот. Эгер 25 жаштагы эркек темпераменттүү болсо, ал төшөк кумарысыз эки жума да чыдай албайт. Бирок ал ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт.
Ал эми 30-35 жаштагы эркек бир нече айга чейин жыныстык катнашта болбосо, анда жыныстык жактан шал болуу, бел суунун эрте түшүү маселелери жаралат. Бирок сексуалдык ыргактын калыбына түшүшү менен бул өтүп кетет.
50 жана андан жогорку жаштагы эркектердин 2-3 айлык сексуалдык тыныгуусу аларда өмүр бою жыныстык жашоонун токтошуна алып келиши мүмкүн.
ТӨШӨК ОЮНУНУН ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Жыныстык катнаш эркектер үчүн простатиттин, аялдар үчүн гинекологиялык оорулардын алдын алуучу эң жакшы каражат экендиги белгилүү. Орточо эсеп менен 30 жашка чейинкилер жумасына 4-5 жолу, 40 жашка чейинкилер 3-4 жолу, 50 жашка чейинкилер 2-3 жолу төшөк оюну менен алектенүүсү керек дешет. Ошентсе да жыныстык жашоо адамдын темпераментинен, психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Психологдордун, медиктердин, косметологдордун акыркы изилдөөлөрү далилдегендей, секс – ден соолукту сактоочу эң жакшы каражат.