Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолу асфальтталат

Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6-11-чакырымдары аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 5 чакырым асфальттоо иштери каралып, бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.
Аталган жол тилкеге катуу жааган жаан-чачын менен катар “Ак-Таш” ишканасынын оор жүк ташуучу унаалары жана Солтон-Сары багытына жүргөн жүк ташуучу техникалар да олуттуу зыян келтирүүдө. Бул көрүнүш жолдун тез бузулушуна алып келип жатат.
“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №14 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жолду калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу айына орто эсеп менен 1-2 жолу сүрүп-тегиздөө үчүн тейлөөгө алынган. Учурда аталган жолдун 65–70-чакырым аралыгында 1 даана автогрейдер иштеп, жолду тегиздөө иштерин аткарууда.
Белгилей кетсек, Сары-Булак – Арчалы – Оруктам автожолунун жалпы узундугу 176,7 чакырымды түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан