Кыргызстанда кайсы тармакта жумушчулар көп талап кылынууда? 

Өлкөдө ушул жылдын 1-июлуна карата 7690 бош жумуш орун бар. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.

Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:

  • Мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;
  • Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;
  • Социалдык кызматкерлер – 23;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;
  • Юристтер – 5;
  • Экономисттер – 210;
  • Психологдор – 26;
  • Инженер – 38;

Жумушчу кесиптер боюнча – 5282:

  • Компьютердик адистер (оператор, программисттер)– 435;
  • Айыл чарба тармагы – 159;
  • Соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар) – 286;
  • Тигүүчүлөр – 471;
  • Курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171 (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч);
  • Айдоочулар – 785;
  • Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары);
  • Ар тараптуу жумушчулар – 617.

Бош орундарды региондор боюнча бөлүштүрүү:

  • Бишкек шаары – 4595 бош орун катталган, анын – 3361 жумушчу орундар;
  • Ош шаары – 780 бош орун катталган, анын – 573 жумушчу орундар;
  • Баткен облусу – 600 бош орун катталган, анын – 362 жумушчу орундар;
  • Жалал-Абад шаары – 168 бош орун катталган, анын – 75 жумушчу орундар;
  • Ысык-Көл облусу – 539 бош орун катталган, анын – 335 жумушчу орундар;
  • Нарын шаары – 230 бош орун катталган, анын – 124 жумушчу орундар;
  • Ош облусу – 358 бош орун катталган, анын – 207 жумушчу орундар;
  • Талас облусу – 144 бош орун катталган, анын – 19 жумушчу орундар;
  • Чүй облусу – 276 бош орун катталган, анын – 226 жумушчу орундар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2025-07-15 11:46:00
Сиздер ушинтип жаза бересиздер, социалдык иштер боюнча адисмин Ошто эч эле иш таппадым го. Калкты иш менен камсыз кылуу борборуна да бардым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан