Орусияда чагылган түшүп үч адам каза болду

Орусиянын Тула облусунда чагылгандан үч адам каза болду, анын ичинде бир өспүрүм бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дагы алты адам жаракат алды. Кырсык бүгүн, 14-июлда болгон. Бунырево кыштагында (Алексин шаары) эл пляжда эс алып жатканда чагылган тийген.

Учурда жабырлануучулар экспертизадан өткөрүлүүдө.

Окуяга күбө болгондор SHOT агенттигине билдиришкендей, маркумдардын экөөсү ошол учурда сууда, ал эми бир аял жээкте болгон. Жээкке жакын жердеги сууга чагылган түшүп, агынды абдан күчтүү болгон. Жээкке жакын жердеги сууга чагылган түшкөндө, бир нече адам резина бут кийимдердин жардамы менен аман калган, жылаңаяк жүргөндөр жабыркаган.

Каза болгондор 13 жаштагы бала, 50 жаштагы аял жана 55 жаштагы эркек киши.

Сейил бак, мейманкананын аймагындагы үйлөрдө күркүрөгөн катуу үн угулган. Кээ бир эс алуучулар алгач бул жарылуу деп ойлошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан