Бүгүн, 15-июлда Пекин шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.
Жолугушууда Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн сөз кылды.
Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.
КЭР төрагасы өз сөзүндө 2024-2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.
ТИМдин маалыматына таянсак, жолугушууга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышты.