Красноярск шаарынын мурдагы тургуну эки кичинекей баласы менен Индиядагы үңкүрдөн табылды. Бул тууралуу PTI маалымат агенттиги билдирди.
Орусиялык аялдын аты Нина Кутина. Ал үңкүрдө 4 жана 6 жаштагы эки баласы менен дээрлик толук изоляцияда жашаган.
Маалым болгондой, Красноярск шаарынын тургуну Индияга бир нече жыл мурун ишкердик виза менен келген. Индуизмге жана индиялык рухий иш-аракеттерге берилген аял балдары менен токойлуу адырларга отурукташууну чечкен. Аял токой мөмөлөрүн жеген. Полиция анын балдары менен жапайы жаратылышта жүргөндө кантип тамактанганын иликтеп жатат.
Учурда бул үй-бүлө токойдон чыгарылып, убактылуу турак-жай менен камсыз болду. Алардын депортацияланышы күтүлүүдө. Орусиялык аялдын визасынын мөөнөтү 2017-жылы аяктаган.
Нина Кутина руханий практикага кызыгат. Ал Кудайдын, диндин, жашоонун келип чыгышы тууралуу ондогон видеолорду жана постторду жарыялаган. Аялдын акыркы посту 2020-жылдын август айында жазылган.