Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин концерти болуп өттү. Иш-чарага аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктар, активисттер жана Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Самаалыкта элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз маданиятын, салттарын жана тилин, айрыкча чет өлкөдө жашагандар арасында сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Элчи мындай иш-чаралар Кыргызстан менен анын диаспорасынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук искусствону жана мурасты жайылтууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Иш-чарада өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Нурайым Азыкбаева, белгилүү комузчу Назбек Кенчинбаев да чыгармачылыгын тартуулашты.