Мухаммед пайгамбардын туулган айына карата, январь айында Ош шаарындагы окуучулар, студенттер, аялдар, ишкерлер жана башка түрдүү чөйрө өкүлдөрү үчүн пайгамбардын өмүрү, анын хадистери тууралуу маалыматтар берилет. Бул тууралуу 14-январда «Адеп башаты» коомдук-прогрессивдүү фондунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Марс Ибраев билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — келечек муунга Мухаммед пайгамбардын өмүр таржымалын таанытуу менен алардын жаман иштерден оолак болуусун камсыздоо. Мындан сырткары аталган акциянын алкагында спорттук таймаштар, журналисттер, окуучулар, диний жаатта билим алып жаткан студенттер арасында атайын сынактарды өткөрүү пландалган.
"Ушул жылдын апрель айынын аягына чейин дагы бир катар маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Албетте, кайрымдуулук иштери да унутта калбайт. Муктаждарга, жетим-жесирлерге жардам көрсөтүлөт",- дейт Ибраев.