Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевге акчалай сертификат тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-июнда Испанияда өткөн турнирде PTVI (көзү начар көргөн спортчулар) категориясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган паралимпиадачы Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевди коштоп жүргөн гид-жол көрсөтүүчү Николай Ведмедь, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиадачы Гүлназ Жузубаева катышты.

Иш-чарада Жалалдин Абдувалиевге, ошондой эле машыктыруучуларга акчалай сертификаттар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан