Бүгүн, 15-июлда Евробиримдик Иранга карата «адам укуктарынын олуттуу бузулушу жана репрессиялар» үчүн сегиз адамга жана бир уюмга каршы санкцияларды киргизүү боюнча токтом кабыл алганын жарыялады.
«Бүгүн Кеңеш адам укуктары жаатындагы ЕБдин глобалдык санкциялар режими алкагында сегиз адамга жана бир уюмга карата чектөө чараларын киргизди», — деп айтылат Кеңештин билдирүүсүндө.
Анда санкцияга алынгандар Ирандын мамлекеттик органдарынын атынан Ирандан тышкары жактарда адам укуктарын олуттуу бузганы үчүн жооптуу экени белгиленген. Бул аракеттерге өзгөчө сотсуз, тез арада жана негизсиз жазалоо же өлтүрүү, ошондой эле Иран Ислам Республикасына каршы чыккан же сын айткан адамдарды күч менен жок кылуу фактылары кирет.
Санкциялык тизмеге Ирандын атайын кызматтары менен байланышы бар Zindashti Network уюму кошулду. ЕБдин маалыматына ылайык, бул топ бир катар репрессиялык аракеттерге, анын ичинде адам өлүмдөрүнө тиешеси бар.
Жаңы санкция тизмесине аталган уюмдун башчысы жана анын бир катар шериктери кирген. Алар Иран режимине каршы чыккандарды өлтүрүүгө катышкан деп шектелүүдө.
Мындан тышкары Ирандын атайын бөлүгүнүн бир командири жана Ирандын чалгын кызматкери да санкциялык тизмеге киргизилди.