"Москвага сокку ура аласызбы?" Трамп Зеленскийди Орусияга сокку урууга үндөгөнү айтылууда

АКШ президенти Дональд Трамп 4-июлда болгон жеке телефондук сүйлөшүүдө Владимир Зеленскийден эгер Вашингтон узак аралыктагы курал берсе, Украина Москва менен Санкт-Петербургга сокку ура алабы деп сураган. Бул тууралуу Financial Times өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Трамп Орусиянын аймагына терең соккуларды колдогонун билдирип, бул стратегия аркылуу Путинди сүйлөшүүгө мажбурлоо керектигин айткан.

Басылма Зеленский менен болгон сүйлөшүү Трамптын Владимир Путин менен болгон телефондук маегинен кийинки күнү өткөнүн билдирди. Ошондой эле Трамп сүйлөшүү маалында Зеленскийден: "Москвага сокку ура аласызбы? Санкт-Петербурггачы?» - деп сураган.

Бул сүйлөшүү боюнча АКШ менен Украинанын өкүлдөрү азырынча расмий комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан