Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Бүгүн, 16-июль саат 07:27де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет.

Маалым болгондой, жер силкинүү Талас облусундагы Калба айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышка, Атай Огонбаев айылынан 8 чакырым түштүк-батышка, Кара-Суу айылынан 19 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Калба, Атай Огонбаев, Кара-Суу, Көк-Кашат айылдарында 3,5 балл, Козучак, Жон-Арык, Кызыл-Туу, Ак-Жар, Ак-Сай, Чат-Базар, Сасык-Булак айылдарында, Талас шаарында 3 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан