Эми кыргызстандыктар Өзбекстандын UZCARD картасына акча которо алышат

Бүгүн, 16-июлда "Элкарт" улуттук төлөм системинин өкүлдөрү Өзбекстандан келген UZCARD улуттук төлөм системинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын "Элкарт" улуттук төлөм системи Өзбекстандын UZCARD улуттук төлөм системи менен биргеликте эки төлөм системинин карталарынын ортосунда акча которуу кызматын ишке киргизди.

Эми Кыргызстандын карта ээлери UZCARD карталарына, ал эми Өзбекстандын жарандары Элкарт карталарына акча которо алышат. Жаңы кызмат эки улуттук оператордун стратегиялык өнөктөштүгүнүн натыйжасы болуп саналат жана өлкөлөрдүн эки тарабындагы жарандар үчүн финансылык байланыштарды бекемдөөгө жана ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган.

"Бул долбоор биз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Эки өлкөнүн финансылык сектору үчүн дагы маанилүү. Коопсуздук жагынан бардык нерсе каралган. Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарына ыңгайлуу шарт түзүлөт деп ишенем жана мындан ары дагы көп кызматташууга даярбыз",- деди "БАПБ" ЖАКтын башкарма төрагасы Алтымыш Туратбеков.

Ал эми Өзбекстандан келген UZCARD компаниясынын коммерциялык директору Олим Закиров кызматташуу эки өлкө үчүн эң мыкты чечим экенин баса белгиледи.

"Бул кызматташуу эки өлкө үчүн маанилүү. Бизнестин өнүгүүсүнө жана эки өлкөнүн мамилесине жакшы өбөлгө. Азыркы күндө башка которуулар дагы ишке ашырылган. Биз UZCARD которууларын Кыргызстандагы терминалдарга киргизүүнү, жана "Элкарт" карталарын Өзбекстандагы терминалдарда, банкоматтарга киргизүүнү пландап жатабыз",- дейт ал.

Кызматтын негизги өзгөчөлүктөрү:

• Эки тараптуу которуулар - "Элкарт" картасынан UZCARD картасына жана тескерисинче;
• Чек арадагы акча которуулар үчүн ыңгайлуу, керектүү алмашуу курсу;
• Комиссиясы эң төмөн
• Жеткиликтүү - Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн сервис Elkart Mobile тиркемесинде ишке ашырылууда, Өзбекстанда - биринчи этапта UNIRED тиркемеси (Универсалбанк АКБ) аркылуу, кийин башка коммерциялык банктар кошулат.

Жаңы сервистин ишке кириши Ташкентте өткөн UZCARD FORUM алкагында өткөн жылдын аягында кол коюлган кызматташуу боюнча меморандумдун уландысы болду. Андан соң эки тарап тең төлөм технологиялары жаатында биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга макулдашышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан