Исландиянын Рейкьянес жарым аралында жанар тоо атылып баштаганын чет элдик басылмалар жазышты.
“Сундхнуксгигар кратерлер аймагында жанар тоо атыла башталды”,- деп айтылат андагы маалыматта.
Маалым болгондой, анын натыйжасында пайда болгон жарака болжол менен бир чакырымга чейин созулган. Лава түштүк-чыгышты карай жылууда, бирок ал инфраструктуралык объекттерге жакындаган эмес.
Жергиликтүү бийлик жарандык коргонуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда Гриндвак шаарынын тургундарына коркунуч жок.