Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол милициясы бүгүн, 16-июлда билдирди.
Бул иш-аракеттер жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында ишке ашырылууда.
Анын алкагында жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларга укук бузуулар Кодексине ылайык протоколдор түзүлүп берүүдө.
Чүй ЖКККБ жол эрежелерин сактоого чакырат.