Садыр Жапаров бир катар аткаминерлер кармалгандан кийин билдирүү жасады

Өлкө башчысы Садыр Жапаров мамлекеттин казынасына зыян келтирген мамлекеттик кызматкерлер жазасыз калбастыгын билдирди.

"Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек",- деп жазды ал Facebook баракчасына.

Президенттин кайрылуусунун алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын бир катар жерлерин кыдырып, бир нече аткаминерлерди карматты. Алар парк салууда, мамлекеттин жерин колдонууда өлкө казынасына зыян келтирген деп шектелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан