Пашинян Армения ЖККУдан чыгышы мүмкүн экенин айтты  

Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтотуп туруунун ордуна, бул уюмдан толук чыгууну артык көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян басма сөз жыйынында билдиргенин News.am басылмасы жазды.

«ЖККУдан чыгуу же чыкпоо маселеси боюнча айта турган болсом, Армения бул уюмда мүчөлүгүн калыбына келтирүүнүн ордуна, андан чыгып кетиши мүмкүн», — деди Пашинян.

Ошондой эле ал Армения Европалык Биримдикке толук укуктуу мүчө болууга умтуларын кошумчалап, бул жараян бардык мамлекеттер үчүн жеңил болбой турганын белгиледи.

«Биз европалык өнөктөштөрүбүз менен бул процесстин татаалдыгын, бардык мүчө өлкөлөрдүн макулдугу талап кылына турганын тактадык. Өлкө белгилүү бир стандарттарга жооп бериши керек», — деди ал.

Пашиняндын айтымында, ЕБке мүчө болуу жараянынын алкагында Арменияда евростандарттарга шайкеш реформалар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2024-жылы Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баш болгон бийлик өкүлдөрү ЖККУга катышуудан убактылуу баш тартуу чечимдерин кабыл алып, айрым жыйындарга барган эмес. Ал эми 2025-жылдын март айында бул уюмду каржылоону токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан