Белгилүү норвегиялык спортчуга чагылган тийип каза болду

Норвегиялык лыжачы, 2010-жылы Ванкувер шаарында өткөн кышкы Олимпиада оюндарында ски-кросс түрүнөн коло медаль утуп, спорт тарыхында из калтырган Эудун Гренвольдга чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Спортчуга чагылган тийип, тез арада ооруканага жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Эудун Гренвольд 49 жашта болгон.

"Эудун тоо лыжасында ски-кросс боюнча мыкты карьера жасаган, кийин ски-кросс командасынын машыктыруучусу болгон. Биз анын үй-бүлөсүнө, досторуна жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",- деди Норвегиянын лыжа ассоциациянын жетекчиси Туве Му Дюрхауг.

Гренвольд спорттук карьерасын тоо лыжасынан баштап, кийин фристайлга өтүп, дал ушул тармакта Олимпиададан коло байге алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан