Белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева менен жолдошу уулдуу болду. Ал социалдык баракчасына сүрөт жүктөп, жакшылыгы менен бөлүштү.
Айтымында, алып баруучу 15-июлда көз жарган.
"Энелер армиясына кошулганыма 2-күн",- деп жазды ал.
Түгөйлөр наристесине Алманбет деген ысым ыйгарышкан.
Эскерте кетсек, Айзада Жамгырчиеванын жолдошу анын колун АКШда сураган болчу. Ал эми үлпөт тою Бишкектеги ресторандардын биринде орун алган.