Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков реконструкциялоодон өткөрүлгөн Курорт көчөсүн ачты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Аталган көчөнүн узундугу 280 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Курулуш иштерин жергиликтүү бюджеттен мэриянын жол башкармалыгы жүргүздү.
Белгилей кетсек, Курорт көчөсүнүн бир тарабына тротуар да курулган.