Израил Дамаскка сокку урду. Сириянын Коргоо министрлигинин имаратына жасалган чабуул жергиликтүү телеканалдын түз эфирине түшүп калган.
Израил армиясы Дамасктагы Коргоо министрлигинин имаратынын кире беришине жана Сириянын баш калаасында президенттик сарайдын жанындагы бутага сокку урду. Израилдин жетекчилиги Сувейда провинциясындагы друз азчылыгын өкмөттүк аскерлерден коргоого аракет кылып жатат деп ырастоодо.
Израилдин Дамаскка жана Сувейда жолдорундагы аскердик бөлүктөргө сокку уруусунан кийин Сириянын борбордук өкмөтү Сувейдада элдештирүү жана провинциядан өз күчтөрүн чыгарып кетүү башталганын жарыялады.
Тынчтык сакталып жатабы же жокпу азырынча белгисиз.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сириядагы тараптар кан төгүүнү токтотуу үчүн айрым конкреттүү кадамдар боюнча макулдашканын билдирди.
Сириянын Коргоо министрлиги 30дан ашуун адам өлүп, 100дөн ашууну жарадар болгонун билдирди. Анда ошондой эле Сириянын өткөөл өкмөтү деп аталган уюмдун 20 согушкери жоголгону кабарланган.
Сирия бийликтери чыр-чатактын бардык тараптарын сабырдуулукка чакырып, мындан аркы эскалация жайкын тургундар арасында курмандыктардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.