Биз социалдык тармакта

Ошто 7 киши курал-жарактарын милицияга өткөрүп берди (сүрөттөр)

Ош облусунда жети жаран өз ыктаяры менен ок атуучу куралдарын өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, алар куралдарын атайын текшерүү иштеринин алкагында тапшырышкан. Рейдде милиция кызматкерлери курал-жарактарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган 11 жаранды аныкташкан. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы 635 миң сом суммасында айып пул салынган.

Облустук милиция мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан