Аксыда трансформаторлорду оңдоо цехинин курулушу башталды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Аксы райондук электр тармактарынын базасында трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды.
Министрлик билдиргендей, бул цехтин эски имараты 1980-жылы ашар жолу менен курулуп, жарым кылым аралыгында эскилиги жетип, санитардык нормаларга жооп бербей калган.
Ага “КУЭТ”ААКнын өздүк эсебинен 7,5 миллион сом бөлүнгөн. Цехти куруп бүтүрүү ушул жылдын күз айларына пландалууда.
Министр заманбап имарат курулса, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралып, сапаттуу жумуш алып баруусуна шарт түзүлөрүн билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан