Салык кызматы "D Billions" белгилүү тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, тасманын максаты келечек муунга мекенди сүйүүнү, ар бир жарандын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымынын маанисин жөнөкөй жана кызыктуу жол менен түшүндүрүү болуп саналат.
Ошондой эле мультфильм өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин, коомдук аң-сезимин калыптандырууну, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратмандык, позитивдүү иштерге жигердүү катышууну жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт.
"Жаркын образдар, жандуу музыка жана эмгекчил каармандардын жөнөкөй иш-аракеттери менен мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошууга болорун чагылдырат", - деп айтылат маалыматта.