Балыкчынын мурдагы мэри Султан Кермалиев Instagram баракчасында Соң-Көлдө эс алып жүргөндөгү кезектеги видеосун жарыялады. Анда анын ат менен жүргөнүн көрүүгө болот.
Буга чейин ал социалдык тармактагы баракчасына Соң-Көлдө унаасын чимирилтип айдаган видеосун жайгаштырган. Көп өтпөй ал кайра жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ага жоругу үчүн айып пул салышып, унаасын айып короого алып кетишкенин билдирген.
Айта кетсек, 14-июлда Керималиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген, көп өтпөй ал кызматынан бошотулган.