Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча соттолгон Бахытжан Байжанов амнистия сурап өтүнүч берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
«2025-жылдын 9-июлунда Степногор райондук сотуна Бахытжан Байжанов жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча амнистия мыйзамына ылайык кайрылды. Өтүнүчтү кароо датасы азырынча аныктала элек», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
2024-жылдын июнь айынын аягында соттун чечими күчүнө кирип, ага ылайык Байжанов оор кылмышты алдын ала убадалашпастан жашыргандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган.
Амнистия жөнүндө мыйзам боюнча, ушундай категориядагы кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүн бештен бир бөлүккө, башкача айтканда, болжол менен 9 айга кыскартуу каралган.
2023-жылдын 26-августунда Байжанов сот өкүмүн кайра карап чыгуу боюнча кассациялык арызын кайтарып алган. Анын адвокаты бул чечимдин себебин айткан жок, бирок Байжанов каалаган убакта кайрадан даттануу бере алары жана мөөнөт чектөөсү жок экени белгилүү болгон.
23-июнда Казакстандын президенти Конституциянын 30 жылдыгына карата амнистия жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам 15 миңден ашуун соттолгон адамды камтыйт. Алардын ичинен 2 миңге жакыны толук бошотулат, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылат.
Амнистияны колдонуу боюнча иштерди 2025-жылдын аягына чейин каралып бүтүшү керек.